Израиль Сириянын Дера шаарындагы Жемле жана Маараба айылдарын басып алды
Аймактын тургундары Израилдин өлкө жерлерин басып алышына нааразычылык акциясын өткөрүштү.
Израиль Баас режими кулаган Сириянын Дера шаарындагы Йермук аймагында жайгашкан Жемле жана Маараба айылдарын басып алды.
Аймактын тургундары Израилдин өлкө жерлерин басып алышына нааразычылык акциясын өткөрүштү.
Митингдерде «Израиль чыгып кет» деген ураан чакырылды.
Митинг учурунда Израиль күчтөрү позицияларындагы дөңсөөлөрдөн элге карата ок атты.
Израиль армиясынын кол салуусунда 1 киши жараланды.
Израиль армиясынын жасаган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Йермук аймагындагы Израиль баскынчылыгына нааразычылык билдирген жарандарга ок аткандыгын кабыл алды.
Билдирүүдө Израиль аскерлеринин митинг учурунда «коркунучту сезгендиги» айтылып, сириялык митинчилерден биринин бутунан атылгандыгы маалымдалды.
Сирияда 27 - ноябрда күч алган кагылышуулардан кийин 8 - декабрда 61 жылдык Баас режиминин кулашы менен бир убакта Израиль армиясынын өлкөгө карата кол салуулары да күч алды.
Режим армиясынан калган аскердик инфраструктура жана мүмкүнчүлүктөрдү жок кыла баштаган Израиль армиясы Сириянын жери болгон Голан дөңсөөлөрүндөгү басып алуусун кеңейтти.
Голан дөңсөөлөрүнө жакын буфердик аймакка кирген Израиль армиясы басып алууну улантып борбор шаар Дамасктын 25 километр жакындарына чейин кирди.
Израиль Сирияга таандык Голан дөңсөөлөрүн 1967 - жылдан бери оккупацияга алууда.
Израиль менен Сириянын ортосунда 1974 - жылы кол коюлган Күчтөрдүн чегиниши келишими менен буфердик аймак жана куралдардан тазаланган аймактын чек арасы белгиленген.