Самаркандда ТМУ Саммитинин жыйынтыктоочу декларациясы жарыяланды

Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмунун IX саммити өттү. Түндүк Кипр Түрк Республикасына ТМУга байкоочу статусу берилди

12 Kasım 2022 21:49

Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

Уюмга мүчө-мамлекеттер — Кыргыз Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Түрк Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту.

 Түрк мамлекеттер уюмунун 9-Саммитинин Самарканд декларациясы;

— «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын Кеңешин түзүү боюнча Нахичевань макулдашуусуна» өзгөртүү киргизүү жөнүндө протокол;

— «Түрк мамлекеттер уюмунун процедуралар эрежеси» жөнүндө чечим;

— «Түрк мамлекеттер уюмунун соодага көмөктөшүү стратегиясы» жөнүндө чечим;

— «Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысын дайындоо» жөнүндө чечим;

Ошондой эле төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

— Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы эл аралык бириктирилген ташуулар жөнүндө макулдашуу жөнүндө;

— Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы бажы коридорун жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашуу жөнүндө;

— Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин тиешелүү мекемелеринин ортосундагы персоналды башкаруунун санариптик системалары боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму жөнүндө.

Жаңылыктар

TRT Avaz web sitesi çerez kullanmaktadır. Sitede gezinmeye devam ederek, çerez kullanımımızı kabul etmiş olursunuz.
Daha fazla bilgi için "Çerez Politikası" metnini okuyabilirsiniz.