28 Şubat 2021 23:24
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, ардактуу академик Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасын уюштурду.
Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада белгилүү илимпоз Кусеин Карасаевге арналган "Кылымдарга тете из калтырган залкар" аттуу китеп көргөзмө ачылды. Ага Карасаевдин китептери, гезит-журналдарга чыккан макалалары, сүрөттөрү коюлду.
Ошондой эле КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жарыялаган сабаттуулукка багытталган акциянын жыйынтыгы чыгарылды.
Иш-чарага мамлекеттик, коомдук ишмерлер, маданий жана илимий кызматкелер, акын-жазуучулар, студенттер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, К. Карасаевдин туугандары, жердештери катышышты.
Иш-чарада К.Карасаевдин калтырган баа жеткис мурасы тууралуу кеңири сөз болуп, соңунда жигердүү катышуучуларга жана өзгөчө эмгек жасагандарга сыйлыктар тапшырылды.
Кусейин Карасаев туралуу маалымат
XX кылымдын Махмуд Кашгариси Кусеин Карасаев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кара-Секи (азыркы Токтоян) айылында 1901-жылы 5-январда туулган.
1914-жылы Караколдогу тузем мектебине кирип окуган. Эки жылдан кийин Кытайга качып, калмактын балдары менен кой жүрүп калмакча үйрөнгөн. Бөтөн жерде беш жылдай күн көрүп, уйгур, татар тилдерин өздөштүрүп алган.
1923-жылы Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтуна окуганы кетип, ал жактан казак тилин өздөштүргөн.
1924-жылы "Эркин-Тоо" гезитине кирип, ал жакта жигердүү иштеп, макалалардын орфографиясын текшерген.
1931-жылы Ленинграддагы Енукидзе атындагы Чыгыш институтун бүтүргѳн.
1931-1940жж.Кыргыз маданий курулуш илимий изилдѳѳ институтунда (КирНИКС; кийин тил, адабият, андан кийин тил, адабият жана тарыхилимий изилдѳѳ институту) илимий кызматкер.
1951-1974-жж.Кыргыз мамлекеттик университетинде мугалим болуп иштеген.
Карасаев кыргыз алфавитинин бардык түрүн түзүүгѳ катышкан. Авторлош болуп чоңдор үчүн «Жаңылык» (1927) деген туңгуч алиппе түзүшкѳн, ѳзү да «Сабат ачкыч» (1927) алиппесин жазган.
Карасаев Кыргызстанда сѳздүк түзүү ишине негиз салгандардын бири.
Ал Юдахин менен бирге кыргыздардын сѳздүк жаатындагы зор эмгеги – «орусча-кыргызча сѳздүктүн» басымдуу бѳлүгүн, 1957-жылы чыккан «орусча-кыргызча сѳздүктү» түзүшкѳн.
1966-жылы Карасаев тарабынан чоң «Кыргыз тилинин орфографиялык сѳздүгү» (60 миң сѳз) жарык кѳргөн.
"Накыл сөздөр", "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү", "Камус наама" аттуу китептери эл арасында "Карасай сөздүк" деп аталып келет.
Ошондой эле Максим Горькийдин "В людях", "Жизнь ненужного человека", Александр Радищевдин "Петербургдан Москвага саякат", Джонни Родаринин "Чипполино", Леон Кручковскийдин, Рабиндранат Тагордун чыгармаларын, кытай эл жомокторун которгон.
Кыргыз ыр түзүлүшү боюнча терминдердин уюткусу да Карасаев тарабынан иштелип чыккан.Ал ошондой эле элдик оозеки чыгармаларды жыйноо котормо ишине да кыйла салым кошкон.Семетей баш болгон жомок дастандарды жыйнаган, 1931-жылы айтылуу манасчы Саякбай Каралаевди Фрунзе шаарына алып келип, маданий илимий журтчулукка тааныштырып, андан «Манас» эпосун жазып алууну уюштурган.
Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер 16 түрк тилинде жана араб, фарси, немисче эркин сүйлөгөн.
29 жашында кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү Айша Карасаевага (Түмөнбаева) үйлөнүп, үч кызды татыктуу тарбиялап чоңойткон.
«Атам түрк тилдеринде эркин сүйлөп, кыргыз тилин мыкты билчү»
Илимпоздун кызы, окумушту Алтынай Карасаеванын маалыматына караганда түрк тилдеринде эркин сүйлөгөн Кусейин Карасаев кыргыз тилиндеги ар бир сөздүн булагын, грамматикасын жана сүйлөм түзүлүшүн мыкты билген.
Anahtar Kelimeler: Кусеин Карасаев, академик, тилчи,