Борбор Азиядагы электрдин өчүшү: Электр жана коопсуздук маселеси

25-январда Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстанда электр жарыгы жапырт өчкөнү маалым. Бул абалдан улам аталган мамлекеттерде энергия жана коопсуздук маселеси көтөрүлө баштады.

27 Ocak 2022 14:41

Борбор Азиядыгы аймактык электр шакекчедеги авариянын кесепетинен “энергия жана коопсуздук» маселеси көтөрүлө баштады.

Белгилүү болгондой 25-январда Борбор Азиядагы үч өлкө; Кыргызстан Казакстан жана Өзбекстанда электр энергиясы жапырт өчкөн. Казакстандын Алматы, Чымкент, Талдыкорган, Тараз, Түркстан; Өзбекстандын Ташкент, Фергана, Андижан, Наманган, Сырдарыя, Жизза, Самарканд, Навои жана Кашкадарыя; Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын аймактарында бир убакта электр жарыгы өчүп, 30 миллион адам жарыксыз калган.

Борбор Азия энергошакекчесиндеги авариянын кесепетин жоюу иштери уланууда.

25-январда бир учурда жарыксыз калган Борбор Азиядагы үч өлкө аймактык электр шакекчедеги авариянын кесепетин жоюу менен алек. Ал күнү чоң шаарларда, өзгөчө Ташкент, Алматы жана Бишкек шаарларында авиакаттамдар убактылуу токтотулуп, метро, ​​трамвай үзгүлтүккө учурап, ири завод-фабрикаларда жана ишканаларда иш токтогон. Электр жарыгынын өчүрүлүшүнөн улам суу, жаратылыш газы жана жылуулук менен камсыздоо жаатында көйгөйлөр жаралган.

Кыргызстандын бийлиги авариядан кийин бир нече саат ичинде ички шакекчени ишке киргизип, өлкө аймагында электр жарыгы толугу менен калыбына келгенин билдирген. Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин айтымында, учурда Кыргызстанда электр жарыгын берүүдө эч кандай маселе жок. Анткен менен энергошакекчесиндеги авариянын кесепети толук жоюла элек жана айрым аймактарга элект жарыгы бериле элек.

25-январда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын бир катар аймактарын жарыксыз калтырган авариянын себеби жана ал кайсы өлкөнүн аймагында катталганы азырынча расмий тактала элек.

Расмий Бишкек кырсык Кыргызстанда болбогонун билдирүүдө. Өзбекстандын Энергетика министрлиги электр жарыгы Казакстандын аймагындагы авариядан улам өчүп калганын билдирсе, казак бийлиги Өзбекстан же Кыргызстандагы тең салмаксыздыктын айынан болгон деп шектенүүдө.

Эскилиги жеткен система

Казакстандагы Технология жана бизнес университетинин окутуучусу Сапарбай Жубаевдин айтымында «Борбор Азия өлкөлөрүндө электр энергиясынын массалык түрдө өчүрүлүшү эскили жеткен, СССРден калган электр инфраструктурасынан улам келип чыккан.

Ал белгилегендей Борбор Азия аймагында бирдиктүү энергетикалык система Советтер Союзу тушунда эле түзүлүп, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жалпы кубаттуулуктагы электр энергиясын пайдаланып келген. Бирок СССР тарагандан кийин коңшулар ортосунда жаралган пикир келишпестиктен улам ал мурдагы маанисин жоготкон. Натыйжада, Тажикстан менен Түркмөнстан бул системадан чыгып кеткен.

Учурда Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан дале болсо бир энергошакекчеде турат.

Казакстан бул системадан чыга алмак эмес. Анткени калктын дээрлик 60 пайызы жашаган Казакстандын түштүк аймагында бир дагы электр станциясы жок.

«Борбордук Азиянын бирдиктүү энергетика системасы, Советтер Союзунан калган үлгү».

Өзбекстандык саясат таануучу Рустам Каримов да Борбор Азия өлкөлөрүндөгү электр каатчылыгынын тарыхы СССР доорунан башталганын айтып, “Борбор Азиянын биргелешкен энергетикалык системасы Советтер Союзунан калган үлгү” экенин айтты.

Ал жалпы энергетикалык системанын пайдубалы СССР тушунда эле түптөлгөнүн эске салды.

Бирдиктүү энергошакекче

Энергошакекче Советтер Союзу учурунда түзүлгөн. Башында анда Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан тышкары Түркмөнстан менен Тажикстан дагы бар эле. 1990-жылдары Түркмөнстан жана Тажикстан өз алдынча болууну чечкен.

Бирдиктүү энергошакекчени түзүүдөгү негизги максат электр энергиясын эффективдүү пайдалануу болгон. Алсак, Казакстандын түштүгүндө энергияны иштеп чыккан станциялар дээрлик жок болуп, бардыгы түндүк жагында жайгашкан. Аны ташып келгиче ортодо жоготуулар көп болгондуктан ордуна Токтогул ГЭСинен электр энергиясы берилип турган. Өзбекстанда ири станциялар көп болуп, Кыргызстандын түштүгүнө ал жактан алганы ыңгайлуу болгон.

Бул шакекчеде чөлкөмдөгү беш өлкөнүн 83 станциясы бириккен.

Электр шакекчедеги авариянын кесепетинен “энергия жана коопсуздук» маселеси көтөрүлө баштады

Кыргызстандык саясатчы жана коопсуздук боюнча илимпоз Медербек Корганбаев: “Борбор Азия өлкөлөрүндө болгон энергетикалык авария аймактагы энергетикалык коопсуздук маселесин дагы бир жолу көтөргөнүн айтты.

Ал  авариядан кийин Кыргызстан энергетика тармагында өз алдынча кетип, коопсуздугун камсыз кылуусу керектигин белгиледи. Бул өлкөнүн өнүгүшү үчүн маанилүү экенин айтты.

 

 

 

 

Anahtar Kelimeler: Борбор Азия,

Жаңылыктар