21 Ekim 2020 15:50
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды кайрадан шайлоо 20-декабрда өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, мындай чечим бүгүн, 21-октябрда БШКнын мүчөлөрүнүн жыйынында кабыл алынды.
Эскерте кетсек, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган.