15 Aralık 2021 21:34
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова, Конституциялык палатанын төрайымы Карыбек Дүйшеев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, фракция лидерлери жана Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстандын мурдагы президенттери, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле дипломатиялык корпустун жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысы жаңыртылган музейдеги экспонаттарды көрүп, тарыхый маанилүү окуяларды чагылдырган тарыхый-этнографиялык экспозициялар менен таанышты.
Мамлекет башчысы иш-чарага келген меймандардын алдында сүйлөп жатып, 15-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети тарабынан тарыхый документтин – мамлекеттин эгемендүүлүгү жөнүндө декларациянын кабыл алынышы Кыргызстан эли үчүн көптөн күткөн жана маанилүү окуя болгонуна токтолду.
Ал бүгүн улуттук маданий очоктордун бири болгон Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде салтанаттуу жагдайда чогулуунун негизги себеби – 2021-жылдын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесин майрамдоо урааны менен өткөндүгүн баса белгилеп, кайсы-бир деңгээлде корутундулоо болуп саналарын кошумчалады.
Мамлекет башчысы бүгүнкү иш-чаранын негизги себеби – 2021-жылдын – Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын корутундулоо болуп саналарын белгиледи.
Президент келген меймандарга кайрылып, алар өлкөнүн үстүбүздөгү жылы тарыхый маанидеги бир катар орчундуу окуяларды баштан кечиргенине күбө болушканын, тактап айтканда, жыл башында президенттик шайлоону жана башкаруу формасын аныктоо тууралуу конституциялык референдум өткөнүн, андан соң, 11-апрелде “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндөгү” мыйзамды кабыл алуу боюнча бүткүл элдик референдум ийгиликтүү өтүп, кийинки саясий процесстерге нук салганына токтолду.
Садыр Жапаров жаңы Министрлер кабинети куралып, Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет административдик кийлигишүүгө жол берилбей, Жогорку Кеңешке адилет жана таза шайлоо өткөрүлүп, саясий реформалардын дээрлик бир жылга созулган соңку этабы ийгиликтүү жыйынтыкталып жатканын баса белгиледи.
Анын белгилешинче, Кыргызстан 30 жылдан бери тынбай изденүүнүн үстүндө болууда.
«Мен ушул жерден бир ойду жарыя айткым келип турат: биздин изденүүлөрүбүздүн – конституциялык, саясий-экономикалык реформалардын башаты 1990-жылкы окуялардан башталат деп так кесе айтсам жаңылышпайм. Дал ошол жылы, 15-декабрда “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик суверендүүлүгү жөнүндө декларация” деп аталган тарыхый маанидеги документ СССРдин курамындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети тарабынан салтанаттуу жагдайда кабыл алынган», - деп айтты Садыр Жапаров.
Ал декларациянын 1-беренесинде «Кыргыз Республикасы – кыргыз улутунун өз тагдырын өзү чечүүсүнүн, Республиканын бардык элдеринин коомдук жана мамлекеттик түзүлүштү эркин тандап алуусунун негизинде бекемделген жана өнүгүп жаткан, республиканын бардык улуттагы граждандарынын таламдарын билдирген жана коргогон суверендүү мамлекет» деп белгиленгенин кошумчалады.
Президент ташка тамга баскандай жазылган бул саптар элибиз коомдук жана мамлекеттик түзүлүштү эркин тандап алууга болгон укугун жана эрк-ыктыярын дүйнө коомчулугуна ушинтип жар салганын баса белгиледи.
Садыр Жапаров быйыл 11-апрелде өткөн референдум - 1990-жылы башат алган, жаңыланууга умтулган улуттук изденүүлөрдүн, конституциялык реформалардын корутундусу экенин айтты.
Мамлекет башчысы отуз жыл ичинде улуттук табиятка шайкеш келген өнүгүүнүн оптималдуу моделин издөөнүн түйшүгүн тартып, ар кандай сыноолор баштан өтүп, элдик толкундоолор орун алганын айтып, алардын баары республикада бир катар ички саясий кризистик окуяларга, анын ичинде трагедияларга алып келип, өлкөнүн өнүгүшүнө ар түрдүү деңгээлде таасирин тийгизгенин белгилеп өттү.
Садыр Жапаров ошол эле учурда жарандык коому активдүү, адилеттүүлүк, татыктуу жашоо укугу үчүн күрөшкөн өлкө жана эркиндикти сүйгөн эл деген имиджди, беделди сактап кала алганын, Кыргызстан бул мүдөөлөрдөн кыпындай да тайбай турганын билдирди.
Президент жаңы Кыргызстан - өткөн тарыхына сыймыктанган, бүгүнкү жашоо-турмушуна канааттанган, ал эми түп келечегине оптимизм менен караган эркин жарандардын өлкөсү болуп калууга тийиш экенин өзгөчө белгиледи.
«Мен өлкө башчысы жана аткаруу бийлигинин жетекчиси катары Кыргызстандагы ар бир жарандын жашоо шарты үчүн өзүмдү жоопкер, алардын алдында өтө милдеттүү сеземин. Андыктан менин командам мамлекеттик системада жана экономикада структуралык чоң реформаларды жүзөгө ашыруу менен алпурушууда», - деп айтты Садыр Жапаров.
Өлкөнүн тышкы саясатына токтолгон Президент Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн, коопсуздугун, социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоону жана жарандардын укугун коргоону көздөгөн көп багыттуу тышкы саясат улантыла турганын билдирди. Тышкы саясаттын приоритети – Борбор Азиядагы коңшулар менен да, стратегиялык өнөктөштөр Орусия, Түркия жана Кытай менен да ар тараптуу кызматташууну чыңдоо болуп саналат.
Садыр Жапаров инвестициялык, маданий-гуманитардык жана туристтик кызматташууга басым жасоо аркылуу Батыш жана Чыгыш өлкөлөрү менен карым-катышты өөрчүтүү ниетин билдирди.
Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, эгемендүүлүк, 30 жыл,