08 Mart 2022 10:21
Орусия Украинанын Киев, Мариуполь, Харьков, Чернигов жана Суми шаарларынан жарандарды эвакуациялоо үчүн Москва убактысы боюнча, бүгүн, 8-март, саат 10:00дөн тарта убактылуу ок атышпоо жарыялаганын билдирди.
Маалыматка караганда Украиналык 2 миллиондой жаран Орусиянын мекемелерине кайрылып, эвакуациялоону суранган.
Билдирүүдө эл кайсы маршрут менен чыга алары айтылат.