Портрет: Азербайжандын эл акыны Ахмет Жавад

Азербайжандын улуттук гимнинин автору Ахмед Жаваддын жаркын элеси унутулбайт.

10 Aralık 2021 18:09

«Ал акын болуп төрөлүп, акындай жашап, акындай өлдү»

Ахмед Жавад, 5-май 1892-жылы Азербайжандын Гянжа шаарына жакын жердеги Шамкир облусунун Сейфели айылында туулган. Араб арибин жана Куран окуганды айылдагы Моллаханеде үйрөнгөн.

6 жашар кезинде атасынан ажырап, энеси менен Гянжага кетүүгө туура келет. Гянжадагы Шах Аббас мечитине караштуу медреседе араб, фарс жана орус тилдерин үйрөнөт. Тарых жана адабият сабактарын өзгөчө кунт коюп окуйт. Адабият сабагынан берген мугалими Абдулла Сур ага ири таасир берет.

Алгачкы ырларын медреседе окуп жүргөндө жазып, алар, гезит журналдарда жарыяланат.

Осмон армиясында кызмат өтөйт

Медреседеги билимин 1912-жылы аяктайт. Бул жылы Осмон империясы Балкан согушуна кирген эле. Ахмет Жавад досу Абдулла Шаик менен «Кавказ ыктыярдуу кошуунуна» кошулуп, Стамбулга барат. Фракияда Осмон аскерлери менен бирге болгар армиясына каршы согушат.

Кийинчерээк Стамбулга кайтып, Түркиялык белгилүү акын Мехмет Эмин Юрдакул менен таанышат. Көп өтпөй мекенине кайтып, Гянжада мугалим болуп иштей баштайт.

«Чырпынырды Карадеңиз»

Ахмед Жавад мамлекеттин эгемендиги үчүн алп урушуп, эл эркиндиги үчүн жан алы калбай күрөшкөн. Түрк эли үчүн бир катар эрдиктерди жасап, улуттук коомдук аң-сезимдин өсүшүнө олуттуу салым кошкон. Элди мекенчилдикке тарбиялаган чыгармаларды жараткан.  1914-жылы жазган «Чырпынрды Карадеңиз» чыгармасы, түрк дүйнөсүнө үмүт нурун чачкан.

Осмон аскерлерине жардам ташыган

Ахмад Жавад Бакудагы «Мусулман кайрымдуулук коомуна» мүчө болгон. 1915-жылы Азербайжандан Батуми, Карс, Ардахан, Сарыкамыш, Трабзон, Эрзурумдагы түрктөргө жана орус армиясына туткунга түшкөн Осмон аскерлерине жардам ташыган делегацияга кошулган. Бул жерде Шүкрия Ханымга үйлөнгөн. 1916-жылы биринчи поэтикалык китеби жарык көргөн.

Кавказ ислам армиясы

Ахмед Жавад Осмон аскерлери менен бирге Бакудагы Ясамал тоосунда орус-армян-британ аскерлерине каршы согушкан. 1918-жылдын 15-сентябрында Нури пашанын аскерлери менен бирге Бакуга биринчилерден болуп кирген. 1918-1920-жылдарды акындын чыгармачылыгынын эң жемиштүү мезгили деп атоого болот. Бул жылдары Азербайжан Республикасын даңктаган, элге дух берген, шыктануу  жараткан ырларды жазган.

Бакудан айдалган

Большевиктердин армиясы Азербайжанга басып кирген соң Азербайжан Республикасы кулаган. Акын Коммунисттик бийликтин тушунда Бакудан айдалган. 1920-1922-жылдары Губада эл агартуу бөлүмүнүн директору болуп иштеген. 1922-1927-жылдары Азербайжан Жогорку Педагогикалык Институтунун тарых жана филология бөлүмүндө окуган. Институтта окуп жүргөндө, (1924-1926-ж) Бакудагы адабий бирикмени жетектеген. Ошол эле жылдары “Инкылап жана Маданият” журналынын башкы редактору болуп иштеген.

1928-жылы Стамбулда «Эгемендүүлүк үчүн ырлар» китеби жарык көргөн.

1930-1933-жылдары Гянжадагы Азербайжан айыл чарба институтунда азербайжан жана орус тилдеринин мугалими, доценти, кафедра башчысы болуп иштеген. 1934-жылы Азербайжан мамлекеттик басмасынын котормо бөлүмүндө редактор, 1935-1936-жылдары даректүү тасмаларды чыгарган Азербайжан студиясынын директору болуп иштеген.

Атып өлтүрүлгөн

Ырларынын Түркияда басылышы, Азербайжандын эгемендиги үчүн жасаган иштери, улутчул маанайдагы чыгармаларынан улам тынымсыз көзөмөлгө алынган. Контрреволюциячыл жана түркчү деген айып тагылып, Сталиндик репрессияга кабылган.

Аскердик соттун чечими менен өлүм жазасына тартылып, 1937-жылдын 13-октябрында атылган.

1955-жылы СССРдин башкы прокурору Ахмаж Жавадга коюлган айыптардын бардыгы негизсиз экендигин билдирип, акталган.

Түрк дүйнөсүнүн орток тили

Ахмет Жавад түрк дүйнөсүнүн эң таасирдүү интеллигенти Исмаил Гаспыралынын «тилде, пикирде жана иште биримдик» принцибин карманган.

"Азербайжан! Баатыр уулдун данктуу мекени!»

Советтер Союзу ыдырап, Азербайжан кайрадан эгемендүүлүккө ээ болгон соң, сөзү Ахмад Жавадга, обону Үзейир Хажыбейлиге таандык ырды, улуттук гимн катары кабыл алган.

Акын ал чыгармасын 1919-жылы жазган.

«Азербайжан, Азербайжан!

Эй, баатыр уулдун данктуу мекени!

Биз сен үчүн өлүүгө даярбыз!

Биз сен үчүн кан төгүүгө даярбыз!»

Деп айтылат улуттук гимндин ыр саптарында.

 

Anahtar Kelimeler: Ахмет Жавад,

Жаңылыктар