СССРдеги түрктөрдүн үнү: Женгиз Дагжы

Женгиз Дагжы «Бизди татар, черкес, түркмөн, казак, өзбек, азери, каракалпак, чечен, уйгур, кабардин, башкыр, кыргыз деп аташат. Бул жалган! Деңиз бөлүнбөйт. Биз түрк-татарбыз»

10 Aralık 2021 18:11

Женгиз Дагжы 9-март 1919-жылы Крымдын Гурзуф шаарында туулган. 8 бир туугандын төртүнчүсү.

1929-жылы Крым татарлары Сталиндин буйругу менен сүргүнгө айдалганда Женгиз Дагжы 10 жашта эле. Ал, туулуп өскөн жеринен күч менен көчүрүлүп, кайгы муңга баткан элдин тагдырына күбө болот. Крым татарлары баштан кечирген ошол кайгылуу күндөр жаш жазуучуга зор таасир калтырат.

Атасы камакка алынган

1930-жылдары колхоздоштуруу саясаты башталып, ал үчүн дыйкандарга азык-түлүк чагымы башталган. Дыйкандар өздөрүнүн артыкбаш эгинин зркин сата албай, аны да мамлекетке арзан баада тапшырууга милдеттендирилген. Каршылык кылгандары кулак деп жарыяланып сот жообуна тартылган, эгини конфискациялаяган. Ушул мезгилде Женгиз Дагжынын атасынын жүзүм бакчасы болгон. Менчиктин бардык формаларын мамлекеттин колуна өткөрүү саясаты алкагында атасына таандык жүзүмзар мамлекетке өткөн. Ошол учурда атасы жүзүм жалбырактарын өпкүлөп ыйлап жатканы үчүн камакка алынган. 3 ай абакта жаткан. Атасы боштондукка чыккандан кийин үй-бүлөсү Акмесжитке көчкөн.

Алгачкы чыгармалары

Женгиз Дагжы 1936-жылы адабият сабагынан берген мугалими Акимованын көрсөтмөсү менен «Жаштык» журналына «Кыш», «Карт-анай жана эчкиси» аттуу ырларын жөнөтүп, алар жарыяланган. Андан көп өтпөй «Айткылачы дубалдар», «Мен сүйгөн Ялта” деген ырларын жазган.

1937-жылы Акмесжитте педагогика институтунун тарых факультетине тапшырган. Окуу жайда окуп жүргөндө Крым тарыхы боюнча китептерге кызыгуусу арткан. Ошондой эле таякесинин арты менен Өмер Сейфеттиндин чыгармалары менен танышкан.

Экинчи Дүйнөлүк согушта немистерге туткунга түшкөн

Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда армияга чакырылган. 1940-жылдын декабрь айында Кызыл армияга кирген. 1941-жылдын август айында немистерге туткунга түшүп калган. Алгач Украинанын Кировоград түрмөсүнө камалып, 2 айдан кийин согуш туткуну катары Уман лагерине которулган. Лагердерги туткундар эң оор жумуштарда иштеп, ачарчылык, ар кандай оорулар менен алп урушкан.

Түркстан легиону

Немистер колго түшкөндөрдү кайра СССРге каршы согуштурууну пландап баштайт. 1942-жылы Түркстан легиону түзүлүп, Женгиз Дагжы да легионго кирет. Бул жылдары аталган легиондогу башка түрк тектүү туткундар сымал, Женгиз Дагжы да Түркстандын көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп жатам деп ойлогон.

1942-жылдын сентябрь айында немистерден уруксаат алып, бир жумага Крымга барган. Бул анын Крымга жасаган акыркы сапары болгон.

Варшавада сүйгөн жары менен танышкан

Женгиз Дагжынын отряды 1943-жылдын аягында Франциянын түштүк-батышына жөнөтүлгөн. Альби шаарына барганда, Крымга кайтууну каалаганын айтып, өтүнүчү канааттандырылган. Бирок Крымдын жолу жабык болгондуктан Варашавада күтүүгө туура келген. 1944-жылы сүйүктүү жубайы Регина менен таанышкан.

Ал учурда согуштун нугу өзгөрүп, Германиянын жеңилээри анык болуп калган. Советтик армия Польшага киргендиктен, анын борбору Варшава, Женгиз Дагжы үчүн кооптуу жерге айланган.

Кийин Жеңгиз Дагжы Берлинге барып, «Жаш Түркстан» гезитинде иштей баштаган.

Качкындар лагеринде жашаган

1945-жылы Берлин бомбалоого кабылып, Женгиз Дагжы менен Регина Венага барат. Ал жактан поезд менен Инсбургга кетээрде америкалык учактардын чабуулуна кабылат да Регинанын колу жабыр тартат. Америкалык аскерлер, аларды, Австриядагы Качкындар лагерине жайгаштырат.

Лондонго жайгашкан

Женгиз менен Регина 1945-жылы 18-июнда ушул лагерде баш кошуп, кыздуу болушат. Андан соң Италиядагы Барлетте лагерине которулушат. Кийин Англияга багыт алышат. 1947-жылы Лондонго отурукташат да ресторанда иштеп жан бага баштайт.

13-январь 1998-жылы Регина каза болот. Анын өлүмү Дагжыга абдан таасир этет. Дагжы жубайына арнап Регина китебин чыгарат. Бул китепте анын эскерүүлөрү баяндалат.

Женгиз Дагжы 2011-жылы каза болгон

Женгиз Дагжы 2011-жылдын 22-сентябрында Саутфилдде каза болгон. Сөөгү Түркия өкмөтүнүн аракеттери натыйжасында, туулуп өскөн жери Кызылташ айылына коюлган.

«Альхамдулиллах түркмүн, мусулманмын

Женгиз Дагжы Түркияга эч качан барбаса да романдарынын көбүн түрк тилинде жазган. Чыгармаларында Экинчи дүйнөлүк согуш баяндалат. Жазуучу, «Садык Турандын эскермелери» деген чыгармасын Түркиялык Яшар Наби Найырга жөнөтүп, китеп кылып чыгарууну өтүнөт. Өтүнүчүндө, «Альхамдулиллах, түркмүн, мусулманмын жана бул жазууларда жазгандарымдын баары чындык деп ант берем»,-деп жазган.

Романдардын башкы каарманы: Садык Туран

Яшар Наби белгилегендей Женгиз Дагжынын романдары экиге бөлүнөт: 1-Коркунучтуу жылдар, 2-Мекенин жоготкон адам.

«Коркунучтуу жылдар» жана «Мекенин жоготкон адам» романдарынын башкы каарманы Садык Туран. Садык-«берилгендик» деген маанини түшүндүрөт да, башкы каармандын, түрк биримдигине, Туран идеясына берилгендиги сүрөттөлөт.

«Деңиз бөлүнбөйт. Биз түрк-татарбыз»

Женгиз Дагжы «Коркунучтуу жылдар» романында Крым түрктөрүнүн мекенине болгон берилгендигин сүрөттөп, төмөнкү сөздөрдү айткан:

«Бизди татар, черкес, түркмөн, казак, өзбек, азери, каракалпак, чечен, уйгур, кабардин, башкыр, кыргыз деп аташат. Бул жалган! Деңиз бөлүнбөйт. Биз түрк-татарбыз. Муну сенин жүрөгүң билгендей, ар бир башкырдын, ар бир кыргыздын, ар бир казактын, кыргыздын да жүрөгү билет. Жүрөгүңдөн туюп иш кыл. Дүйнөнүн курулай амбицияларына алданба!»

Чыгармалары

Романдары: «Өлүм жана коркуу күндөрү», «Кайтып келүү», «Жаш Темучин», «Бадам бутагына асылган наристелер», «Суук көчө», «Апама жазылган каттар», «Мага окшогондор», «Жолдоштор», «Бул жолду бирге басып өттүк».

Аңгемелери: «Мистер Маркус Бертондун ити», «Мистер Джон Марплдын акыркы сапары» «Ой Маркус Ой!»,  «Эне жана кичинекей Алимжан»

 

Anahtar Kelimeler: Женгиз Дагжы,

Жаңылыктар