Түрк дүйнөсүнүн чыгаан уулу: Чыңгыз Айтматов

Кыргыздын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов

11 Aralık 2021 18:40

Франциялык белгилүү акын, жазуучу Луи Арагон айткандай "сүйүү тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян" болгон "Жамийланы" жазып калтырып, чыгармалары менен дүйнөнү тамшанткан Чыңгыз Айтматов көз жумганына 13 жылдын жүзү болду.

Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда туулган.

Атасы атылып кеткен

Атасы Төрөкул Айтматов адегенде 1927-жылдан тартып, 1932-жылга чейин большевиктер партиясынын Жалал-Абад кантонунун биринчи катчысы, андан соң Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Андан соң Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон.

Айтматовдордун үй-бүлөсү атасынын атылып кеткенин 20 жылдан кийин араң билишкен.

«1937-жылы августтун аягында керектүу буюм-тайымдарыбызды алып, сатканын сатып, апамын колунда алты айлык Розаны көтөрүп, биз кайрадан улуу жолго чыктык. Атам бизди Казан вокзалына алып келди. Вагондон биздин ордубузду таап, отургузды. Апам коз жашын тыялбай бышактап, атам болсо эрдин кесе тиштеп өзүн-өзу бекем карманып катуу турду. Биздин отургузгандан кийин поюздан түшүп кетиши керек эле, бирок чыкпай отурат. Вагондо ары-бери каттаган, вокзалда поюз жөнөр алдында шашкан адамдар... Акыры поюз жылды, атам аны жандап, бизди дагы бир жакшылап карап алайын деп поюзду коштоп чуркады .. биз менен коштошуп колун булгалап кала берди. Мен үстүңкү полкада жаткам, ошондо атамы биз эми эч качан көрбой каларыбыз эсиме кылт дей түштү.

Мен караңгы киргенче ыйладым. Апам менин эмне ойлоп жатканымы сезип эле турду. Ал бир туруп кайра отуруп, оор үшкүрүп, анан кайра эле мени карап, кантип сооротушту билбей турду. Ал мени сылап, акырын шыбурады: “Бул вагондо жалан эле биз эмеспиз, айланайын...”

Атам менен биз ошентип түбөлүк коштоштук! ” - деп жазган Чыңгыз Айтматов балалык кезин эскерүүлөрүндө.

Апасы эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон

Апасы Нагима Хамзеевна Айтматова - теги боюнча татар. Чыңгыздын таятасы Хамза - караколдук бай жана айдың татар соодагери болгон. Нагима жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон.

Кыргызстанга кайтып келген

Төрөкул Айтматов 1937-жылы декабрда жазыксыз камалып, апасы Нагима менен Шекерге кайтып келген. Чоң апасы Айымкан нечен түрдүү жомокторду, Манас эпосун айтып берип чоңойткон.

Согуш жылдарында Шекер айылында айылдык Кеңештин катчысы болуп иштеген.

Айтматов, 1946-жылы Жамбыл шаарындагы Зооветеринардык техникумду, 1953-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн.

14 жашар кезинде иштей баштаган

1942-жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Чыңгыз Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт.

Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. Айыл калкынан салык чогултат. Бирок согуш маалында ага салык чогултуу оңойго турган жок. Бир жылдан кийин, 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт.

Чыңгыз Айтматовдун балалык өспүрүм чагынын Улуу Ата Мекендик согуш мезгилине дал келиши анын чыгармачылыгына өзгөчө олуттуу таасир тийгизген. Али бел сөөгү ката элек он үч, он төрт жаштагы Чыңгыз согуштун апаатын, анын катаал азабы менен оор мүшкүлүн, орду толгус жоготууларын өз жон териси менен сезген. Айылдык кеңештин катчысы катары жаштайынан чоң жоопкерчиликти өз мойнуна алып, элибиздин азап-тозогун, кайгы-капасын тең бөлүшкөн. Ушул кыйынчылыктардын баары, согуш апааты менен азабы анын кайталангыс чыгармаларына негиз болгон.

"Гезитчи Дзюйдо"  аңгемеси гезитте жарыяланган

Айтматовдун чыгармачылыгы студент кезинде башталган. Орус жана кыргыз тилдеринде жазып, биринчи аңгемеси "Гезитчи Дзюйдо" деген ат менен 1952-жылы "Киргизстан" альманахында орус тилинде жарыяланган.
Ал ошол кезде эле В. Катаевдин "Полктун уулу" повестин, М. Бубеновдун "Ак кайың" романын которот, бирок алар басылган эмес. Андан кийин "Ак жаан", "Түнкү сугат", "Асма көпүрө" аттуу кыргызча жазылган аңгемелери жарыяланат. Анын чыгармачылык ишиндеги бурулуш 50-жылдардын ортосунда болот. 1956-жылы Москвадагы Жогорку адабият курсуна чакрылат.

"Сүйүү тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян"

Жамийля – Чыңгыз Айтматовдун биринчи көлөмдүү повести (1958). Повестте Данияр менен Жамийланын махабаты боз улан бала Сейиттин айтуусунда берилет.

Айтматов "Жамийляны" Москвадагы Бүткүл дүйнөлүк М.Горький атындагы адабият институтунда жүргөн кезинде, Тверь саябанындагы батиринде жашаган кезде ак кагазга түшүргөн. Повесттин адегендеги аты “Обон” деп аталып, кыргызча ушул ат менен жарык көргөн. Орус тилинде “Новый мир” журналына (1958, № 8) “Жамийла” деген ат м-н жарык көрүп, дүйнө элдеринин тилдерине ушул ат менен белгилүү болгон.

Чыгармадагы окуянын лирика-романтикалык маанайда баяндалышынан улам повестти адабиятчылар “кара сөздөгү поэзия же прозадагы ыр” деп да атап жүрүшөт. Чындыгында да чыгарманын мазмундук өзөгүн түзгөн тема – сүйүү темасы: Жамийла м-н Даниярды табыштырган махабат; ошондой эле турмушка, элге, жерге, жашоого болгон чексиз сүйүү м-н адамдагы руханий сулуулукка болгон сүйүүнү, умтулууну бириктирген адамдык бакыбат зор сүйүүнүн Жамийладагы личносттук “мендин” патриархалдык салт-санаа, түшүнүк үстөмдүк кылган чөйрөдөгү үй-бүлө түшүнүгүнө кайчы келиши сыяктуу маселелер м-н тыгыз биримдикте каралат.

“Жамийла” повести өзүнүн идеялык-эстетикалык жаңычыл сапаты м-н кыргыз көркөм сөз өнөрүн жаңы бир бийик баскычка көтөрдү. Кыргыз сынчыларынын ичинен Бобулов Камбаралы биринчилерден болуп оң баа берип, аны “чыныгы махабаттын көркөм баяны” деп атаган. Француз жазуучусу Луи Арагон повестти француз тилине которуп, аны “Махабат тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян” деп дүйнө жүзүнө жар салып, бийик баасын берген. Бүгүнкү күндө “Жамийла” дүйнөнүн жүз элүүдөн ашык тилдеринде жарык көргөн.

Сыйлыктары

Чыгармалары 176 тилге которулган Айтматов, Кыргыз эл жазуучусу (1968), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1979), КРУИАсынын анык мүчөсү (1974). Соц. Эмгек Баатыры (1978), Лениндик (1963) жана СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1968, 1977, 1983), Джавахарлал Нехру (Индия, 1985), Бүткүл дүйнөлүк Илим жана искусство академиясынын академиги (Стокгольм, 1987), Япониядагы Чыгыш Философия Институтунун академиги (1988),  Австрия, Австралия, Америка, Индия, Италия, Түркия, Япония ж. б. өлкөлөрдүн эл аралык сыйлыктарынын лауреаты. Кыргыз Республикасынын Эл баатыры (1997) наамын алган.

Соңку өмүрү

Улуу жазуучу 1963-жылы Лениндик сыйлыкты алган.  Өз кезегинде, СССР Жогорку советинин депутаты болуп шайланган. СССР президенти Горбачевдин кеңешчиси болуп иштеген. 1991-жылдан элчилик кызматта  болгон.

2008-жылы 16-майда Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу жазуучуну Германиянын Нюрнберг шаарынын ооруканаларынын бирине жеткиришет. Ал жакта 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен жазуучу көз жумган. Сөөгү Ата-Бейит мемориалдык комплексине коюлган.

Дүйнөлүк адабиятка "маңкурт" терминин киргизген

Манкурт – тарыхый эс-тутумун, адеп-ахлактык, руханий баалуулуктарын жана багыттарын, ошондой эле өз эли менен болгон байланышын жоготкон адам. Термин Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романында киргизилген. Манкурт кара курсак менен кызыл кекиртектин керектүүлөрүн канааттандыруу максатында, болор-болбос акча үчүн өз маданиятынан баш тартат же аны унутат да, башка маданиятынын өзүнө жат, чоочун элементтерин толук өздөштүрөт. Тилекке каршы, аны Батыш да, Чыгыш да маданияты кабыл албай, ал түрткүнчүккө айланат.

Жарык көргөн китептери

«Обон»: Повесть жана аңгемелер. «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу»: «Атадан калган туяк», «Түнкү сугат», «Жамийла», «Биринчи мугалим», «Гүлсарат», «Делбирим», «Эрте келген турналар», «Бугу-эне: Жомок», «Ак кеме», «Биз дүйнөнү жаратабыз, дүйнө бизди жаратат: Макалалар, маектешүүлөр, сүйлөгөн сөздөр», «Кыямат», «Кайрылып куштар келгенче», «Кылым карытаар бир күн», «Кассандра тамгасы», «Тоолор кулаганда».

Anahtar Kelimeler: Чыңгыз Айтматов,

Жаңылыктар