05 Kasım 2021 22:16
Тушоо кесүү салты түрк тилдүү элдердин дээрлик баардыгында кездешет. Түркияда «душак кесме», «көстек кесме», казактарда «тусау кесер», кыргыздарда «тушо кесүү» жөрөлгөсү катары белгилүү.
Тушоо кесүү, тушоо кыркуу, тушоо той – батыраак бассын деген ниет менен там-туң баскан баланын бутуна байланган жипти кесүү ырымы. Бала тамтаң – тумтаң баса баштагандан тартып, чоң ата, чоң эне, ата – энелер баланын баса баштаганына кубанып, тушоо кесүү тоюн өткөрүшкөн. Тушоо кесүү тоюн өткөрүүгө атайын даярданышкан. Ага катышуу үчүн айыл аксакалдарынан баштап балдарга чейин чакырылган. Тойго келгендерге атайын дасторкон жайылып, сый көрсөтүлгөн.
Баланын тоюн өткөрүү үчүн той башкаруучу дайындалат. Жарышты баштоочу жер жана мара белгиленет. Башкаруучу тойго келген аксакалдарды баш кылып эркектерди, аялдарды маранын айланасына, жердин шартына жараша катар отургузат. Жарышка өңчөй уул балдар же кыздар катышат. Чоң кишилерди жарыштырган учурлар да болот. Тушоосу кесилүүчү баланы таза кийинтип, марадан 40 – 50 метр алыстыкта атасы же апасы, же болбосо айыл аксакалдарынын бири эки бутун ала жип менен тушап кармап турат. Башкаруучунун жардамчылары жарышка катышуучуларды чуркай турган жердин башталышына алып барып тизет да, чуркоого белги берет. Башкаруучу болсо марада турат. Жарышка катышуучулар марага жарышып чуркап келишет.
Баланы атасы же апасы кармап турса, тушоону жарышта биринчи болуп келген бала кесет. Тушоону кескен бычакты же макини ошол кескен бала алат.
Андан кийин тушоосу кесилип жаткан бөбөктүн үстүнө жаба мурунтадан ата – энеси даярдап койгон чачыла чачылат.
Баланын тушоосу кесилгенден кийин, аны жаш балдар колтугунан сүйөй кармап, тай – тайлап жетелеп, “ сен да биздей жүгүрүп жүргүн!” – деп тилек, каалоо сөздөрүн айтышат.
Anahtar Kelimeler: Тушоо кесүү салты,