18 Şubat 2022 18:34
Түрк элдеринде ар кыл түрдө жыл эсеби сүрүлүп келген. Бири - күн жылнаамасына (календарына) негизделсе, экинчиси - ай жылнаамасына таянган.
Түрктөр кайсы убактан тарта жыл сүрө баштаган? Түрк элдери буга чейин кандай календарларды колдонушкан? Ай, күн аттары кандай болгон? Бул туурасында кененирээк.
Система - күн жана ай жылнаамасына таянган
Адам баласы эзелтен, өзүнүн өткөнүнө, азыркысына жана келечегине баа берүү үчүн атайын тартип орнотуп, астрономиялык байкоолор менен ай менен күндүн кыймылын изилдеп, убакытты эсептеген.
Календарь – асман телолорунун көрүнгөн кыймылынын мезгилдүүлүгүнө негизделген убакыттын узак аралыгын эсептөө системасы.
Календарда күн менен түндүн, жыл мезгилдеринин алмашышы пайдаланылат.
Убакыт ченинин бирдиги күн менен түндүн алмашуусу – сутка, Айдын Жерди айлануусу – ай, Жердин Күндү толук айлануусу жыл деп кабыл алынат.
Адам баласы тарыхында ар түрдүү календардын системасын пайдаланып келген. Бийик тоолуу аймактардан кыштоолорго, кыштоодон бийик тоолуу аймактарга көчүп конуп жашаган түрктөр, ар башка аймактарда жашаган топтордун бир учурда иш алып баруусуна шарт түзүү жана саясий, экономикалык, диний белгилүү даталарды жана майрамдары бир убакта белгилөө үчүн өз календарын түзгөн.
Алгачкы жылнаама: 12 жаныбардык цикл
Жыл сүрүү менен байланыштуу 12 жаныбардык циклди колдонуу салты жалпы түрк-монгол көчмөн цивилизациясынын байыркы орток башатына байланыштуу.
Түрктөр алгач дал ушул календарды колдонгон.
Аталган жылнаамада бир жыл 365 сутка, 5 сааттан турат. Бул астрономдордун эсептөөсүнө өтө жакын көрсөткүч.
Аталган жылнаамада күн түн ортосунан башталат.
21-март жаңы жыл катары кабыл алынган.
Ысык-Көлдөгү Барскан шаарында 1029-1038-жылдар аралыгында туулган Махмуд Кашгари Барскани да он эки жаныбардын ысымына негизделген системанын келип чыгышы тууралуу бир уламышты мындан он кылым илгери, 1072-1077-жылдары жазылган "Дивану лугати т-түрк" - "Түрк тилдеринин сөзжыйнагы" эмгегинде таасын чагылдырган.
Жыл сүрүүнүн 12 жылдык циклинин биринчи жылы “чычкан”, экинчиси “уй”, үчүнчүсү “барс”, төртүнчүсү “коён”, бешинчиси “улуу” (кытайча “лу” – “ажыдаар”), алтынчысы “жылан”, жетинчиси “жылкы”, сегизинчиси “кой”, тогузунчусу “мечин” (“маймыл”), онунчусу “тоок”, он биринчиси “ит”, он экинчиси “доңуз”аталат.
Орхон жазма эстеликтериндеги тарыхый окуялар жыл сүрүүнүн 12 жылдык цикли боюнча баяндалат
Түрк тил мекемесинин адиси Белгин Тезжан Аксунун айтымында он эки жаныбардан турган түрк календарын көптөгөн цивилизациялар колдонгон.
I Көктүрк каганаты учурунда жазылан Бугут жазуусунда коен жылы туралуу баяндалат.
Жыл сүрүү менен байланыштуу 12 жаныбардык циклди жапондор, монголдор, индейлер, тибеттиктер, перстер, дунай болгарлары жана волга болгарлары колдонгон. Ал бүгүнкү күндө да Азиянын айрым жерлеринде колдонулуп келет.
Хижрий, Желали, Руми, Григориан...
Түрктөр колдонгон жылнаамалар төмөнкүчө?
-12 жаныбардык цикл (? - 571)
- Хижрий календар системасы (9-10. к. )
- Жалали календар системасы (11. к.)
- Илханиддердин календарлык системасы (13-14. к)
- Руми календар системасы (17. к.)
- Батыштык календар системасы: Юлий календары (1917)
- Григориан календар системасы (1925-)
Хижрий календар системасы -Ай жылнамаасына таянат
Хижрий календар системасы- мусулман дүйнөсүндө колдонулган Айдын фазаларынын өзгөрүшүнө негизделген календарь. Түрктөр бул календарды Ислам динин кабыл алган соң колдоно баштаган.
Ислам календары хижраттан, Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) Меккеден Мадинага көчкөн күнү башталат. Хижранын Күндүн кыймылы менен эч кандай байланышы жок. Ал Айга гана негизделген. Мусулман ай календарындагы айлар улам жылып турат. Айрым айлар 29 күндөн турса, айрымдары 30 күн.
Ай календарына негизделген ай аттары Ислам дининин жыл эсеби болуп, Иран, Пакистан, Ооганстан, Сауд Арабия жана башка араб өлкөлөрүндө азыр да колдонулат.
Түрктөр Хижрий календар системасын Осмон дөөлөтү учурунда колдонгон. 1-январь 1926-жылдан тарта колдонуудан чыгарылган.
Жалали календары
Жалали календарын Омар Хайям төрагалык кылган кеңеш иштеп чыгып, Улуу Селжук султаны Желаледдин Меликшахка сунуштаган.
Жалали календары күн жылнаамасына негизделген.
- Бир жыл 365 күн, 5 саат, 49 мүнөт, 15 секунд жана 48 секунддан турат.
- Жаңы жыл 21-март, Нооруз күнү. Жыл ар бири 30 күндөн турган 12 айга бөлүнөт.
- Аталган календарь мезгилдерге жараша эң ылайыктуу жана туура датаны берген биринчи колдонмо.
Руми календар системасы
Осмон дөөлөтү Желали календарынан кийин расмий түрдө Хижрий календарын кайрадан колдоно баштаган. Бирок «Өшүр» деп аталган киреше салыгы күн жылнаамасына карата сезондон сезонго алынса, мамлекеттин эмгек акысы жана башка чыгымдар хижрий календары боюнча төлөнүп келген. Бул ыкма айрым бир кыйынчылыктарга алып келген. Натыйжада 1677-жылы «Руми календары» түзүлгөн.
Батыштык календар системасы: Юлий календары
Жердин Күндү циклдик айлануусунун негизинде түзүлгөн убакытты эсептөө системасы.
Жаңы жыл-1-январь.
1582 - жылы Рим папасы Григорий XIII тарабынан иштелип чыккан. Григориан календары батыш өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө XVI - XVII кылымдар бою колдонулуп келген.
Жаңы жыл 25-мартта, кээ бирлеринде 25-декабрда башталса, башка күндөрдө да башталган өлкөлөр болгон.
Бир жылда 12 айдын болушу, жуманын 7 күндөн тураары да, астрономиялык мааниге ээ болушуна карабай, шарттуу болуп эсептелинет. Ошондой болсо да, салт боюнча азыркыга чейин сакталып келе жатат.
Anahtar Kelimeler: жылнаама,