03 Şubat 2021 18:55
3-февралда Жогорку Кеңеш жыйынында Кыргыз Республикасынын премьер-министрлик кызмат ордуна сунушталган Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү жана программасы карап, бекитти.
Андан соң премьер-министр Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамы Жогорку Кеңеште ант беришти. Ант берүү аземине президент Садыр Жапаров катышты.
Премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү элге ак-ниет кызмат кылууга ант беришти.
Кабыл алынган өкмөттүн жаңы курамы төмөндөгүчө:
- Марипов Улукбек Асамидинович - Кыргыз Республикасынын премьер-министри;
- Новиков Артём Эдуардович- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;
- Кармышаков Улукбек Тойчуевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри - вице-премьер-министри;
- Асанкулов Жеңиш Асанкулович - өкмөттүн аппаратынын жетекчиси - министри;
- Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович (президент менен макулдашуу боюнча) - Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
- Казакбаев Руслан Айтбаевич - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
- Чынбаева Асель Рыспековна - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
- Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри;
- Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
- Иманалиев Кайрат Олжобаевич - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
- Ажикеев Бообек Эргешович - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
- Ниязбеков Улан Омоканович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
- Абдралиева Гулмира Курманбековна - Кыргыз Республикасынын транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри;
- Турдубаев Кубанычбек Апышевич - Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;
- Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;
- Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич (президент менен макулдашуу боюнча) - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы.