27 Ocak 2021 12:13
Ата-Бейит -саясий репрессиянын курмандыгы болгон адамдардын сөөгү коюлган жер. Бишкек шаарынан 30 км түштүк тарапта, Чоң-Таш айылынын жанында орун алган "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси Аскар Акаевдин бийлиги тушунда курулган.
Жарым кылымга жакын туугандары, балдары дайын-дарегин, кайсы жерге көмүлгөнүн билбей келген 137 кишинин аты дайын болуп, 1991-жылы август айында элдин катышуусу менен жерге берилген. Алардын ичинде атасынын кайда катылганын билбей калганын айтып армандаган Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматовдун сөөгү да табылган.
Ал жер үлкөн жазуучунун сунушу менен "Ата-Бейит" деп аталган. Кийин Чыңгыз Айтматов каза болгондон кийин сөөгү атасынын жанына, "Ата-Бейитке" коюлду.
Кийин "Ата-Бейиттин" аймагында 2010-жылы болгон апрель революциясында көз жумган мекендештерибиздин 27өөнүн сөөгү коюлду. Ошентип, 2010-жылдагы Апрель революциясынын баатырларына арналган мемориалдык комплекс пайда болду.
1916-жылдагы Үркүн трагедиясынын 100 жылдыгына арналып, алардын урматына атайын мемориалдык комплекс ачылды.
Ошентип, аталган комплекс кыргызстандыктар үчүн мааниси зор, зыярат кылып, өткөндөргө таазим кылуучу жайга айланган.
1938-ж. 5- жана 8-ноябрдын түнүндө 138 киши атылып, кыш бышыруучу чакан заводдун эски мешине көмүлгөн. Алардын катарында Кыргызстандын 20-30-жылдардагы көрүнүктүү саясий, мамлекеттик жана коомдук ишмерлери - Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Хасан Жээнбаев, Эркинбек Эсенаманов, Мурат Салихов, Султанкул Шамурзин, Иманаалы Айдарбеков, кыргыз адабияты менен искусствосунун көрүнүктүү өкүлү Касым Тыныстанов ж. б. болгон. Бул массалык атуу менен жашырын көмүү 90-жылдардын башына чейин жашырын сыр катары сакталып келген. Алардын белгисиз бейити тууралуу Таш-Төбө айылынын тургуну Бүбүра Кыдыралиева баяндаган. 1991-жылы 12-июнда сөөктөрдү казуу башталып, июль айында аяктаган. Алардын айрымдарынын чөнтөктөрүндө сакталып калган айыптоо бүтүмү, ошондой эле Кыргызстан мамлекеттик коопсуздук комитетинин жана СССР мамлекеттик коопсуздук комитетинин архивдериндеги материалдар боюнча атылгандардын кимдер экендиги такталып чыккан. Текшерүү көрсөткөндөй, коюлган күнөөлөр негизсиз болгон, «мойнуна алган билдирүүлөрү» адам чыдагыс кыйноо жолу менен алынган. Аларды кайра көмүүнү уюштуруу жана элесин түбөлүккө калтыруу максатында өкмөттүк комиссия түзүлгөн. 1991-ж. 30-августта Бишкекте аза күтүү митингиси болуп, андан соң репрессиянын курмандыктары алгач көмүлгөн жайга жакын жерге ариет-аза күтүү аземи менен коюлган.
Ата-Бейит мемориалдык комплексинин жетекчиси Гүлнара Турсунбекова Анадоу Агенттигине берген маегинде комплекс кыргызстандыктар үчүн мааниси зор экеин айтып, жергиликтүү жана чет элдиктер зыярат кыла турган борборго айланганын билдирди. "Ата-Бейит" оор тагдырларга кабылган, өмүрү, каны менен тарых жараткандардын жаткан жайына айланганын баса белгиледи.